(312)29 90 07|Приёмная колледжа
 

Учиться и, когда придет время,
прикладывать усвоенное к делу
— разве это не прекрасно!

 
.

Наша гордость

Жекшенов Жанат Майрамбекович



208-ОГР адистигинин студенти Жекшенов Жанат Майрамбекович 2015-жылы Россия Федерациясынын Выборг шаарында өткөн Дүйнөнүн биринчилигинде 60 кг салмакта I даражадагы диплому менен сыйланган.Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана Спорт Мамлекеттик Агенттиги уюштурган Кармашып урушуу боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинде 55 кг салмак категориясында II орундуу ээлегендиги үчүн Диплому жана Чемпион Ушу саньшоу олимпиадасында Баткен обласында I орунду ээлеген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар Иштери, Дене Тарбия жана Спорт Мамлекеттик Агенттиги Кыргыз Республикасынын Спорттун Олимпиялык эмес түрлөрү боюнча Дирекциясында II даражадагы жана III даражадагы Диплому менен 2016-жылдын 22-25-сентябрында Молдова шаарында болуп өткөн Эл аралык кармап урушуу 60 кг салмак менен катышып III даражадагы Диплом ошондой эле Кыргыз Республикасында ГТФ Таеквондо федерациясы уюштурган Таеквондо боюнча мелдеште III жана II даражадагы чемпионат деген наам менен 2 жолку Диплом менен сыйланган. Учурда Спорт чеберинин талапкерлигинде. Бишкек техникалык колледжинин студенттеринин арасынан келечекте Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытуучу спорт чеберлери коледжде окуп жаткандыгы үчүн сыймыктанабыз.



Алмерденов Улан Сейитбекович



210-ОГР адистигинин студенти Алмерденов Улан Сейитбекович Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этностук спорт түрлөрү боюнча уюштурулуучу эл аралык спорттук мелдештин 2-жолкусунда ат үстүндө от менен ойноп өзүнүн шамдагайлыгын, өнөрүн көрсөтүп келген.