(312)29 90 07|Приёмная колледжа
 

Учиться и, когда придет время,
прикладывать усвоенное к делу
— разве это не прекрасно!

 
.

Жаштарды терордук көрүнүштөрдөн сактоо


Өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын-алуу, өз алдынча көчөдө жүрүп, укук бузууларга жана ар кандай кылмыштарга аралашып калуусуна бөгөт коюу боюнча 2016-жылдын 6-майында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын балдардын ден-соолугуна, дене бой, интелектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын-алуу боюнча чаралар” жөнүндө Кыргыз Республикалык №185 мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча өспүрүмдөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

26-сентябрь актовый залда саат 15:00дө Биринчи Май районунун Ички Иштер бөлүмүнүн кызматкерлери: милициянын капитаны Жантаев Мирислам Русланович, милициянын лейтенанты Тюлегенова Рахат Миңбаевна, милициянын капитаны Асанбаева Назира Бакытбековна тарабынан “Кылмышкерликке каршы күрөшүү”, “Топтук мушташуу”, “Жаштарды терордук көрүнүштөрдөн сактоо” маселелери боюнча студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Студенттер тарабынан бир нече суроолор берилип, керектүү маалыматтарды ала алышты.