Студенты Бишкекского технического колледжа приняли участие в праздничном вечере, посвящённом Дню пожилых людей!
8 октября 2025 года в Кыргызском государственном техническом университете прошло тёплое мероприятие, приуроченное ко Дню пожилых людей. В нём приняли активное участие студенты нашего колледжа.
🎭 Наши ребята вместе с творческими коллективами университета показали трогательные номера, выразив благодарность и уважение представителям старшего поколения.
Особенно запомнились выступления народного ансамбля «УСТА», певцов и актёров, представивших музыкальный спектакль «Ценим родителей».
💐 В завершение для ветеранов был организован праздничный обед, где им уделили особое внимание и заботу.
Мероприятие прошло при поддержке профсоюзного комитета университета. Ветераны выразили искреннюю благодарность организаторам и студентам за внимание и уважение.
Бишкек техникалык колледжинин студенттери Карылар күнү арналган майрамдык кечеге катышышты!
2025-жылдын 8-октябрында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Карылар күнүнө арналган жылуу маанайдагы иш-чара болуп өттү. Ага биздин колледждин студенттери да активдүү катышышты.
🎭 Биздин балдар университеттин чыгармачыл топтору менен бирге улуу муунга ыраазычылык жана сый-урмат көрсөтүү иретинде жүрөк толкуткан концерттик номерлерди тартуулашты. Айрыкча элдик «УСТА» ансамблинин, ырчылардын жана актёрлордун «Ата-энени баалайлы» аттуу музыкалык спектакли өзгөчө таасир калтырды.
💐 Иш-чаранын соңунда ардагерлер үчүн майрамдык түшкү тамак уюштурулуп, аларга өзгөчө көңүл бурулуп, кам көрүлдү.
Иш-чара университеттин профсоюздук комитетинин колдоосу менен өткөрүлдү. Ардагерлер уюштуруучуларга жана студенттерге көңүл буруу жана сый-урмат үчүн чын ыкластуу ыраазычылыгын билдиришти.