21-март күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жаздын жарчысы – Нооруз майрамы салтанаттуу жана көӊүлдүү маанайда белгиленди.
Университеттин чоң залында өткөн майрамдык иш-чарага ректорат баштаган профессордук-окутуучулар курамы, студенттер жана ардактуу меймандар катышып, улуттук маданияттын көркүн, тарыхый каада-салттардын баалуулугун даңазалаган көз жоосун алган иш-чарага күбө болушту.
Майрамдык салтанатка Бишкек техникалык колледжинин окуутучулары, кызматкерлери да майрамдык кеченин күбөсү болду.
Концерттик программа улуттук ыр-бийлер менен коштолуп, майрамдык шаан шөөкөт тартууланды.Майрамдык концерттин кульминациясы катары жалпы катышуучулар “Кыргызстан” ырын чогуу аткарып, улуттук биримдиктин символуна айланган ак баталар айтылды.
Иш-чаранын жүрүшүндө ректор М.К.Чыныбаев жамаатты Нооруз майрамы менен куттуктап, жаз майрамы ар бир адамга бакубат турмуш, тынчтык жана ийгиликтерди алып келсин деген каалоосун билдирди.
Салтанаттын алкагында университеттин мыкты кызматкерлери жана майрамды уюштурууга активдүү катышкан жарандар Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен сыйланышты.Бишкек техникалык колледжинен китепкана башчысы Отунчиева Динара Арстаналиевна Ардак громата жана Кылыйева Наргиза Жолдошбековнага Ыраазычылык кат менен сыйланды.
Майрамдык иш-чара улуттук спорт оюндары менен улантылып, футбол, тогуз коргоол жана шахмат оюндары даярдалган боз үйдө улуттук дасторкон жайылып, бардык коноктор үчүн даамдуу тамак-аш тартууланды .
21 марта в Кыргызском государственном техническом университете имени И. Раззакова торжественно и радостно отметили праздник весны – Нооруз.
В праздничном мероприятии, прошедшем в большом зале университета, приняли участие руководство вуза, профессорско-преподавательский состав, студенты и почетные гости. Все присутствующие стали свидетелями красочного праздника, прославляющего национальную культуру и ценные исторические традиции.
На торжественное мероприятие также прибыли преподаватели и сотрудники Бишкекского технического колледжа.
Концертная программа была насыщена национальными песнями и танцами, придавая празднику особую торжественность. Кульминацией вечера стало совместное исполнение всеми участниками песни «Кыргызстан» и произнесение благословений, символизирующих национальное единство.
Ректор М.К. Чыныбаев поздравил коллектив с праздником Нооруз, пожелав каждому благополучия, мира и успехов.
В рамках торжества лучшие сотрудники университета и активные участники праздника были награждены почетными грамотами и благодарственными письмами. От Бишкекского технического колледжа почетной грамотой была удостоена заведующая библиотекой Отунчиева Динара Арстаналиевна, а благодарственным письмом – Кылыйева Наргиза Жолдошбековна.
Праздничное мероприятие продолжилось национальными спортивными играми. В юрте, подготовленной для праздника, были организованы соревнования по футболу, тогуз коргоолу и шахматам. Гостям был предложен традиционный угощения и богатый национальный дастархан.