Бишкекский Технический Колледж

Кыргызского государственного технического университета им. И. Раззакова

Кыргызского государственного технического университета им. И. Раззакова

КМТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ “ДЕН СООЛУК” СПАРТАКИАДАСЫНЫН ШАХМАТ БОЮНЧА ЧЕМПИОНДОРУ БОЛУШТУ

КМТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ “ДЕН СООЛУК” СПАРТАКИАДАСЫНЫН ШАХМАТ БОЮНЧА ЧЕМПИОНДОРУ БОЛУШТУ

КМТУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ “ДЕН СООЛУК” СПАРТАКИАДАСЫНЫН ШАХМАТ БОЮНЧА ЧЕМПИОНДОРУ БОЛУШТУ

Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин арасында өткөн “Ден соолук” аталышындагы Спартакиаданын алкагында шахмат боюнча мелдеште И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин агайлар жана эжейлер командалары мыкты оюн көрсөтүшүп, күчтүү атаандаштарды жеңип, чемпиондук наамга ээ болушту.

КМТУнун эжейлер командасы жалпы алты оюн өткөрүп, беш беттеште жеңишке жетишип, бир оюнду тең чыгарышты. Жыйынтыгында 18 упай топтоо менен биринчиликти камсыз кылышты.

1-оюн: Ички иштер академиясынын командасын 3:1 эсебинде жеңишти

2-оюн: Ош мамлекеттик педагогикалык университетин 3:1 менен утушту

3-оюн: Нарын мамлекеттик университетинин командасын 4:0 эсебинде артта калтырышты

4-оюн: И.Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетин 3:1 менен жеңишти

5-оюн: Ж.Баласагын атындагы КУУ менен 2:2 эсебинде тең чыгышты

6-оюн: Кыргыз-Өзбек эл аралык университетин 3:1 менен утушту

Жыйынтыгында:

1-орун — КМТУ (18 упай)

2-орун — КУУ (16.5 упай)

3-орун — И.Арабаев ат. КУУ (15.5 упай)

Агайлар командасы дагы күчтүү оюн көрсөтүп, акыркы чечүүчү оюнда ишенимдүү жеңиш менен чемпион болушту.

1-оюн: Ички иштер академиясынын командасын 3:1 менен жеңишти

2-оюн: И.Арабаев атындагы КМУ менен 2:2 тең чыгышты

3-оюн: Кыргыз-Өзбек эл аралык университети менен 2:2 тең чыгышты

4-оюн: Ж.Баласагын атындагы КМУну 3.5:0.5 менен ишенимдүү жеңишти

Жыйынтыгында:

1-орун — КМТУ (10.5 упай)

2-орун — КӨЭАУ (10 упай)

3-орун — И.Арабаев ат. КУУ (10 упай)

Командалардын машыктыруучулары жана курамы:

Агайлар командасынын машыктыруучусу — Нурсейитов Аким, Физикалык маданият жана спорт кафедрасынын доценти

Эжейлер командасынын машыктыруучусу — Дыканалиев К.М., Окуу башкармалыгынын башчысы

Мырзалар командасы:

1. Сыдыков Максат Аралбекович — ЭТТМ кафедрасынын улук окутуучусу

2. Азимбаев Таалайбек — Физика кафедрасынын доценти

3. Алишеров Абдулла — Жогорку математика кафедрасынын доценти

4. Иманалиев Тариэл Оморович — Автомобиль транспорту кафедрасынын улук окутуучусу

Айымдар командасы:

1. Кадыркулова Кыял Кудайбердиевна — Автоматтык башкаруу кафедрасынын башчысы

2. Шаршеева Кундуз Токтобековна — ИВТ кафедрасынын улук окутуучусу

3. Келдибекова Алия Келдибековна — ЭИТ кафедрасынын улук окутуучусу

4. Чаримова Зарема Бакытовна — Бишкек техникалык колледжинин окутуучусу

Бул чоң ийгилик КМТУнун профессордук-окутуучулук курамынын кесипкөйлүгүн жана биримдигин дагы бир ирет тастыктады. Командаларды чын дилибизден куттуктап, жаңы жеңиштерди каалайбыз!

___________________________________

ПРЕПОДАВАТЕЛИ КГТУ СТАЛИ ЧЕМПИОНАМИ СПАРТАКИАДЫ «ЗДОРОВЬЕ» ПО ШАХМАТАМ

В рамках Спартакиады «Здоровье» среди преподавателей учреждений высшего профессионального образования Кыргызской Республики команда преподавателей И.Раззакова Кыргызского государственного технического университета одержала уверенную победу в шахматном турнире. И мужская, и женская сборные КГТУ показали отличную игру и заняли первые места, обойдя сильнейших соперников.

Успех женской сборной:

Женская команда КГТУ провела шесть туров, из которых в пяти одержала уверенную победу, и одну игру завершила вничью. В результате команда набрала 18 очков и стала абсолютным чемпионом соревнований.

1 тур — победа над Академией МВД со счётом 3:1

2 тур — победа над Ошским государственным педагогическим университетом, 3:1

3 тур — победа над Нарынским государственным университетом, 4:0

4 тур — победа над КУУ им. И. Арабаева, 3:1

5 тур — ничья с КУУ им. Ж. Баласагына, 2:2

6 тур — победа над Кыргызско-Узбекским международным университетом, 3:1

Итог:

1 место — КГТУ (18 очков)

2 место — КУУ (16.5 очков)

3 место — КУУ им. И. Арабаева (15.5 очков)

Результаты мужской сборной:

Мужская команда также уверенно выступила и в решающем туре обеспечила себе чемпионское звание.

1 тур — победа над Академией МВД, 3:1

2 тур — ничья с КГУ им. И. Арабаева, 2:2

3 тур — ничья с Кыргызско-Узбекским международным университетом, 2:2

4 тур — уверенная победа над КГУ им. Ж. Баласагына, 3.5:0.5

Итог:

1 место — КГТУ (10.5 очков)

2 место — КУЭАУ (10 очков)

3 место — КУУ им. И. Арабаева (10 очков)

Тренеры и состав команд:

Тренер мужской команды — доцент кафедры «Физическая культура и спорт» Нурсейитов Аким

Тренер женской команды — начальник учебного управления КМТУ Дыканалиев К.М.

Состав мужской сборной:

1. Сыдыков Максат Аралбекович — старший преподаватель кафедры ЭТТМ

2. Азимбаев Таалайбек — доцент кафедры физики

3. Алишеров Абдулла — доцент кафедры высшей математики

4. Иманалиев Тариэл Оморович — старший преподаватель кафедры автомобильного транспорта

Состав женской сборной:

1. Кадыркулова Кыял Кудайбердиевна — заведующая кафедрой автоматического управления

2. Шаршеева Кундуз Токтобековна — старший преподаватель кафедры ИВТ

3. Келдибекова Алия Келдибековна — старший преподаватель кафедры ЭИТ

4. Чаримова Зарема Бакытовна — преподаватель Бишкекского технического колледжа КГТУ им. И. Раззакова

Эта победа в очередной раз подтверждает высокий профессионализм, командный дух и стремление к успеху профессорско-преподавательского состава КГТУ. Поздравляем наших коллег с заслуженным званием чемпионов и желаем новых достижений!

Фотографии

Чаримова Зарина Бакытовна